Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуАраван району 19.12.2019 16:25 На русском

Премьер-министр иш сапары менен Араванга барды

Turmush -  Айыл чарбасын колдоо аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Араван районунун Интернационал айылындагы күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчыга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн технологиясы жана күнөскана комплексиндеги өндүрүштүн жаңы ыкмаларын көрсөтүштү. Фермерлер премьер-министрге күнөскана комплекси чек арага жакын жайгашкан райондо жаңы жумушчу орундарын түзгөнүн билдиришти.

Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандар жана айыл чарба тармагында иштеген ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү максатында каражаттарды издөө иштерин күчөтөрүн белгиледи.

Анын айтымында, өкмөт менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосунда түзүлгөн стратегиялык келишимдин алкагында келип түшкөн 5 млрд сом аймактарды колдоого жана жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга багытталат.

«Бул дыйкандардын кирешесин көбөйтүүнү, кошумча жумушчу орундарын түзүүнү жана жеринде экономикалык абалды жакшыртууну шарттайт», - деди өкмөт башчы.

Ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине күнөскана чарбаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу долбоорлорун даярдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2 күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына бара турганын жазган.

Өкмөт башчы эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×