Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусуНоокат району 24.12.2019 09:58 На русском

Ашууда курма жүктөп бараткан «Спринтер» өрттөндү. Ичинде айдоочу эс алып жаткан

Turmush -  Ноокат районунда курма жүктөп бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы өрттөнүп кетти. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Окуя 22-декабрь күнү саат 08:50 чамасында Ноокат районундагы Ош—Исфана жолунун 24-чакырымында болгон. Исфана шаарынан Бишкек шаарына курма жүктөп бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы Ноокат—Ош ашуусунда токтоп турган жеринен күйүп кеткен. Унаанын ээси Лейлек районунун Исфана шаарынын Чымген айылынын 20 жаштагы тургуну А.А. болгон. Ал ашууда унаасынын ичинде эс алып жаткан. Ошол учурда унаанын кыймылдаткычынан өрт чыгып жатканын байкап калып, өчүрүүгө аракет кылган. Бирок өрт өчкөн эмес. Анын кесепетинен унаанын алды күйүп кеткен.

Айдоочу Ноокат РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерине эч кимге доосу жок экени жөнүндө билдирме жазып берген.
Буга чейин Turmush басылмасы Ноокат районунда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы бөлүгү жана документтер күйүп кеткенин жазган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×