Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуӨзгөн району 24.12.2019 13:53

«Жашоодон тойгом»: Акчанын айынан чоң энесин бычактаган жигит. Таежеси окуя тууралуу айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда 70 жаштагы аялга өзүнүн небереси бычак сайып, качып кетти. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жабырлануучунун кызы кылмышка шектүү жигит 11-декабрда Москвадан келгенин билдирди.

«Мен бычакталган М.А.нын кызы болом. Апамды бычактаган Ж. уулу Э. өзүнүн небереси, кенедей кезинен багып чоңойткон. Азыр ал 22 жашта. 1 жыл мурда Москвага иштегени кеткен. 11-декабрь күнү кечке жуук келиптир. Келе турганын алдын ала кабарлаган эмес. Бир сому жок, арыктап, жүдөп калыптыр. Апам эжемдин жанында жашап жүргөн, себеби эжем жалгыз жашап жаткан. Ошол күнү апам неберем келди деп тамак жасап, дасторкон жайып, чай берип, төшөк салып берген. Эжем базарда соода кылгандыктан эртеси эртең менен базарга кетиптир. Апам небересин ойготкону кирсе, ал үйдүн баарын чачып, бир нерсе издеп жүрүптүр. “Эмне издеп жатасың анча?” деп сураса, “мен адамдарга карыз болуп кеттим, мага акча таап бергиле. Жашоодон тойгом. Мага баары бир” деп айтыптыр. Апам кел, чай ичип, сүйлөшүп, кеңешели” деп чай куюп берип жатканда бычак менен жүрөк тарабына сайыптыр. Апам жыгылганда чөнтөктөрүн аңтарып, үйдөн качып кетиптир. Апамдын айтымында, жөргөлөп сыртка араң чыгып, жардам сураган. Аны кошуналар көрүп калып, ооруканага жеткиришиптир. Ж. уулу Э. өзүнүн атасынын үйүнө качып барыптыр. Алардын да 4 миң сом акчасын коркутуп алган. Андан кийин сиңдимдин үйүнө терезе аркылуу кирип, чогултуп жаткан 3-4 миң сомго жакын акчасын уурдап кетиптир. Кылмыш кылганына 10 күндөн ашты, бирок ушул күнгө чейин табыла элек. Жанында бир сому жок. Дагы кимди бычактап коет деп кооптонуп, качан, каяктан келип калат деп коркуп, тынч уктай албай жатабыз. Бул баланы улуу эжем багып алган. Ал бир тууган инисинин баласы», - деди бычакталган аялдын кызы.

Ош ОИИБ билдиргендей, жабырлануучу аялды анын небереси бычак менен сайган. Учурда шектүү изделүүдө.

Расмий маалыматка караганда, 12-декабрда болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1949-жылы туулган М.А. (аял киши) учтуу буюмдан денесинен жаракат алганын билдиришкен. Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу текшерүү иштерин жүргүздү. 12-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жашаган 1997-жылы туулган Ж. уулу Э. өзүнүн чоң энесин ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×