Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуӨзгөн району 24.12.2019 15:00

Өзгөндө калың жааган кар электр чубалгыларын үздү (сүрөт)

Turmush -  Калың жааган кардан улам Өзгөн районунда электр жарыгы өчүрүлгөн. Учурда электр жарыгы тургундарга толугу менен кайра берилди. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

21-декабрь күнү Өзгөн районунда кар калың жаап,тал-теректердин шактары сынып, электр чубалгыларын үзгөн.

«Жыл сайын жергиликтүү райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жаз жана күз айларында электр чубалгыларынын айланасын бак-дарактардын бутактарынан тазалашат. Бирок кээ бир тургундар тал-теректерин кыйдырбай, кайдыгер мамиле жасашкандыктан Өзгөн районунун Мырза-Аке, Кызыл-Маяк, Зергер айыл өкмөттөрүнүн айрым аймактары жарыксыз калды. Өзгөн РЭТтин кызматкерлери авария болгон жерлерди калыбына келтирип, тал-теректерди кыйып, үзүлгөн электр чубалгыларын оңдоп, тургундарга электр жарык толугу менен берилди», - деп айтылат «Ошэлектр» ААКтын маалыматында.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×