Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 24.12.2019 17:02 На русском

Кара-Кулжа—Алайкуу жолу жабылып, тез жардам кызматкерлери 2 бейтап менен унаада түнөдү. Сүрөт

Turmush -  Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Бээ, Алайкуу айылдарына калың кар жаап, жүргүнчүлөр ара жолдо калышты. Бул тууралуу Ош—Кара-Кулжа каттамында иштеген таксисттер билдиришти.

Айдоочулардын айтымында, кардын калыңдыгы 1,5 метрге чейин жеткен. Он чакты унаа жүргүнчүлөрү менен бир суткадан бери жолдо калган.

«Мен Ош—Кара-Кулжа каттамында таксист болуп иштейм. Кечээ, 23-декабрда Оштон Алайкууга жолго чыккам. Кар калың жаап, Сары-Бээ—Кара-Таш жолунда 10дой айдоочу унаасы менен калды. Кечээ кечки саат 19:00дөн бери Сары-Бээ айылында унааларда түнөгөнбүз. Тез жардам кызматы эки бейтап менен жолго чыгыптыр. Унаасы бузулуп калып, алар да жолдо түнөп калышкан. Жол тейлөө кызматынын башчылары "техника жок, бузулуп жатат" деп айтышты. Азыр эскилиги жеткен, араң жүргөн эки трактор иштеп жатат. ӨКМге телефон чалганбыз. "Жардамчылар кетти" дешти, бирок эч ким келген жок. Жаныбызга тамак-аш алып алганбыз, ошолорду жеп жатабыз», - деди айдоочулардын бири.

Жолдо калгандардын арасында журналисттер да болгон. Жергиликтүү телеканалдын оператору Бексултан Абиевдин айтымында, алар жумуш боюнча 22-декабрь күнү эртең менен Алайкуу өрөөнүнө барышкан. Бир күн түнөп, кайра жолго чыгышкан. Бирок жолго кар көчкү түшүп, жергиликтүү тургундардын жардамы менен кайра Алайкуу айылына барышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай окуялар жыл сайын эле кайталанат. Жол тейлөө кызматынын кызматкерлери жер көчкү түшкөн кезде 3-4 күн жолду тазалоого аракет кылышат.

Буга чейин ӨКМ кечээ, 23-декабрь күнү Мырза-Аке—Кара-Кулжа жолунун Тамчы тилкесинде 3 жергекечки саат 17:45 чамасында кар көчкү түшүп, жол жабылып калганын билдирген. Кар көчкүнүн көлөмү 5900 метр кубду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×