Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 25.12.2019 10:34

Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып жатат

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Кечээ, 24-декабрда Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 16:00 чамасында көлөмү болжол менен 3800 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттам убактылуу жабылган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. №26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Тазалоо аракеттери бүгүн да улантылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан унаа жолдун 26 жана 107-чакырымдарында пост уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×