Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуӨзгөн району 25.12.2019 11:24

«Колу-буттарын боо менен байлап...»: Өзгөндө чет өлкөлүк адамдар колунда бар үй-бүлөгө кол салды (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунда каракчылык менен алектенген чет өлкөлүк кылмыштуу топтун бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, кошуна мамлекеттен Кыргызстанга жумуш издеп келген адамдар жалданма уста катары колунда бар тургундардын үйлөрүн иликтеп, кол салып жүрүшкөн.

Ушул жылдын 21-ноябрга караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1968-жылы туулган тургуну Б.Р.нын үйүнүн короосуна беткапчан 4 адам кирген. Анын бирөө короодо калып, үчөө Б.Р.нын үйүнө киришип, үй ээси Б.Р.га зомбулук көрсөтүшкөн. Анын кесепетинен Б.Р. денесинен жараат алган. Андан соң үй ээсине ашкана бычагын такап, акча талап кылышкан жана 17 миң 500 сом акчасын, жубайы О.А.га таандык бир даана алтын зер буюмун, бир даана алтын шакегин тартып алышкан. Андан кийин Б.Рны, анын жубайын, уулун, кызын жана балдызынын колу-бутун бут кийимдердин боосу менен байлап, ооздоруна кездеме тыгып, короодо токтоп турган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ошондой эле каракчылар үй ээлерине таандык 4 «Самсунг» жана 1 даана «Айфон» телефонун дагы карактап кетишкени аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 202-беренесинин негизинде (Каракчылык) 21-ноябрда Өзгөн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 2-декабрда кылмыштуу топтун мүчөсү Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун 1993-жылы туулган тургуну В.А. кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле жабырлануучу Б.Р.нын унаасы, уюлдук телефондору жана беткаптар далил буюм катары алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кылмышка тиешеси бар башка шектүү адамдарды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланууда.




Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×