Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуКара-Суу району 25.12.2019 15:55 На русском

Кара-Сууда кайын энесин бычактаган 22 жаштагы жигит жазага тартылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кайын энесине бычак сайган күйөө бала 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук соту билдирди.

Айыпталуучу Р.И. Кара-Суу райондук соту тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде Жазык кодексинин 39-130-беренелеринин (киши өлтүрүүгө аракеттенүү) негизинде күнөөлүү деп табылып, 1100 эсептик көрсөткүчтөгү айып салынып (110 миң сом), 9 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесине бир нече жолу бычак сайганын жазган.

3-январда Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун 1974-жылы туулган тургуну Э.Д. денесинен жаракат алып, Ош облусунун ооруканасына түшкөндүгү туурасында кабар келип түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, окуянын чоо-жайын тактаган. Маалым болгондой, Э.Д.нын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын маңдайына, колдоруна жана санына өзү ала келген аш бычак менен бир нече ирет сайып, денесине жаракат келтирген. Бул факт боюнча ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жургүзүлүп, Э.Д.нын алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Шектүү катары Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган тургуну Р.И. кармалды.

WhatsApp Image 2019-01-07 at 14.20.51
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×