Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусу, Ноокат 25.12.2019 19:00

Ноокатта калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Ноокат районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясы билдирди.

Кечээ, 24-декабрда мэрия тарабынан шаардагы турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө жаңы жыл майрамына карата материалдык колдоо көрсөтүү максатында акчалай жардам берилди. Тургундар өз кезегинде ыраазычылыктарын билдиришти.

Мэриядан калктын аярлуу катмарына өзгөчө көнүл буруп, жеткиликтүү жардам көрсөтүү башкы максаттардын бири экенин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×