Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусуАлай району 26.12.2019 09:45 На русском

Сүрөт — Алайга көчүп келген памирлик кыргыздарды кантип тосуп алышты?

Turmush -  23-декабрда Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтүнө Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө көчүп келди. Аларды Алай жана коңшулаш Чоң-Алай районунун эли тосуп алды. Буга чейин Памирден Алай районуна 2 үй-бүлө көчүп келген. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү памирлик жалпы 11 үй-бүлөнү алдын ала даярдалган Х.Алимсеитов атындагы орто мектептин эски имаратына жайгаштырды. Мектептин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Алай районунун акими Замирбек Молдокулов имаратта бардык шарттар түзүлгөнүн, жууркан-төшөктөр, кышкы кийим-кечектер жана башка күндөлүк жашоо-турмушка керектүү бардык буюмдар бар экенин айтты. Ошондой эле мамлекеттен атайын каражат бөлүнүп жатканын, ал каражатка жаз айынан баштап атайын турак-үйлөр куруларын кошумчалады.

«Мектеп жашындагы балдарды окутуп-тарбиялоого, сиздердин ден соолукка өзгөчө кам көрүлөт», - деди аким.

Памирлик кыргыздарды салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Абдибали Балтабаев, өкүлчүлүктүн кадрдык иштер боюнча бөлүм башчысы Зулпукар Молошов, Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова, миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов, Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров сөз сүйлөдү.

Көчүп келген памирлик кыргыздар да өз кезегинде ыраазычылыктарын билдиришти. Алардын бири Мырзабек Орозбеков 2 ай мурун Кыргызстанга жолго чыгышканын айтты (алгач Ооганстандын Кабул шаарына барып, чет элдик паспорт алышкан).

«Биз Шоор деген айылда жашачубуз. Мен Кыргызстанга апам жана үй-бүлөм менен келдим. Памирде туугандарыбыз калды. Алардын да биздин катарыбызга кошулуусун каалайм. Малыбыздын көбү ошолордун колунда калды. Эгер алар да бул жакка келип калышса, малыбызды сатып, акчасын ала келишет», - деди М.Орозбеков.

Анын апасы 77 жашта.

«Мен Мырзабектин апасы болом. Ажылык сапарга барып келгем. Ошондуктан мени айылдаштарым Бүбүй ажы дешет. Атамдын аты Ысабек. Минтип ысык тамак-аш менен жылуу маанайда тосуп алышканына кубанып турам», - деди Бүбүй апа.

Авганбек кызы Соно Памирден Кыргызстанга 2 баласы менен келсе, Шажамбай кызы Шарбүбү 3 баласы менен келди. Көчүп келген памирлик кыргыздарды Абдиллах Убат жетектеп келген.

Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров конокторду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасына 6 кап ундан жасалган азык-түлүк, пияз, картошка даярдап жана бир кой союп барышканын билдирди. Ал азык-түлүктөрдү Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматилла Саитовго өткөрүп берди.

Кечээ, 25-декабрда этникалык кыргыздар медициналык кароодон өтүштү. Аларды Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери: терапевт, акушер-гинеколог, кардиолог, невропатолог, педиатрлар текшерген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×