Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуАраван району 26.12.2019 11:13 На русском

«Сарайга алып кирип...»: Зомбулукка кабылганын айткан келин күйөөсүнө таш ыргытып айыпка жыгылды. Видео

35 жаштагы Орозгүл Ашимова
35 жаштагы Орозгүл Ашимова

Turmush -  Араван районунун Гүлбаар айылынын 35 жаштагы тургуну Орозгүл Ашимова күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, эки жыл мурда ажырашкан. Бирок жолдошу азыркы убакка чейин көргөн жеринен аны сабайт. Бул тууралуу О.Ашимова өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Ал күйөөсү 4 баласына алимент төлөбөй, кайра аны «өлтүрөм» деп коркутарын кошумчалады.

«Жолдошум Зайыр Асоевге 2004-жылы турмушка чыгып, 4 балалуу болуп, кайра 2016-жылы ажыраштык. Ал күндөрү мени сабаса да “балдарым атасыз калат, эл-журтка уят” деп чыдап жашап жүрө бердим. Бир жолу сарайга алып кирип, аркан менен асып, “ата-энеңден баш тартасың” деп коркуткан. Эртеси бир тууган агасына кайрылдым. Бирок аны да укпай койду. Акыры милицияда иштеген жездесине айткам. Жолдошум “эмнеге ага арызданасың” деп кайра сабады. Орусияга барып иштеп келгенден кийин үйлөнгөнүн айтып, “азыр ошол аялымдын жанындамын” деген билдирүүлөрдү жиберип баштады. Үйдөн өзү сүйрөп чыкпаса да, өзүм кете тургандай кылып койду. Төрт баламды алып үйдөн чыгып кеттим», - деди Орозгүл Ашимова.

Ал артынан кайын журту же жолдошу келет деп күткөн. Бирок жолдошу көчөдө көргөн жерден сабап салат. О.Ашимова арыз менен Араван райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганын айтты. Ал жактан «азырынча никеңиз бар экен, үй-бүлөлүк маселеге кийлигишпейбиз» деп жооп беришкен.

«Сабалганым боюнча милицияга арыз менен барсам эле “никеңиздер бар экен” дешет. Акыры нике күбөлүктү жокко чыгарсам гана арызымды кабыл алышат окшойт деп никени жокко чыгарып, 4 балага алимент чыгардым. Бирок 8 ай болсо да "алиментти төлө" деп айткан жокмун. Ушул жылдын октябрь айында сот отуруму болуп, 32 миң сом өлчөмүндөгү алиментти төкпөгөнү жана мыйзамды аткарбаганы үчүн 20 миң сом айып пул салынган. Аны да “төлөбөйм, балдарды бага албаса өзүм багам” деп айтты. Сот отуруму бүткөн соң сыртка чыкканда “сени мурда эле уруп, жинди кылып койбоптурмун, эч жакка арыздана албайт элең” деп сөгө баштады. Экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып, өзүмдү коргоо максатында ага таш ыргытсам унаасына тийди. Эртеси экөөбүз тең милицияга арыз жаздык. Менин арызым өндүрүштөн кыскартылып, жолдошум менин үстүмдөн бейбаштык беренеси менен кылмыш иш козготуп койду. Талкаланган терезесин төлөп берейин десем, күйөөм “каматам” деп туруп алды. “1 жыл шарттуу түрдө кесилесиң же 260 миң сом төлөйсүң” дешти. 4 балам, эч жерде иштебегеним эске алынып, 30 миң сом айып пул салынды.

Ушул жылдын 12-декабрында Ош шаарынын Кулатов кичи районунда Араванга кетейин деп жүрсөм “сени өлтүрөм” деп төртүнчү ирет кол салды. Тепкилеп, урганынан көп кабаттуу үйлөрдүн алдында видеокамера болсо керек деп ошол жакка качтым. Ал жактан колунан качып чыгып кеттим. Эжемдин үйүнө барып, түнкү саат 00:00дө абалым оорлошконунан Араван райондук ооруканасына бардым. Ошол түнү милицияга арыз жаздым. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы денеге жеңил залака келтирилген деп чыккандыктан, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 3 миң сом алып, “күйөөңүз менен жарашып алыңыз” деди. Мен анын урганына эмес, мени өлтүрүп коюшунан коркуп арызданып жүрөм. Менин ниетим аны каматуу эмес, мени урбай тургандай кылып беришсин», - дейт О.Ашимова.

Ал эми О.Ашимованын мурдагы жолдошу Зайырбек Асоев аялы тапкан каражатын бир туугандарына жумшагандыктан ажырашып кетишкенин билдирди.

«Бир тууган иниси камалып кетип, бүт тапканын ташый берди. Унаамдан бери саттым. Ата-энеңди же үй-бүлөңдү танда дегеним чын. Үйдөн өзү чыгып кеткен. Жарашалы деп аксакалдар менен барсам да макул болбой койгон. Андан кийин нике күбөлүгүн өзү жокко чыгартты. Россияда төрөлгөн баламды ыргытып жиберем дей бергенинен, 2,5 айында бир тууган агама салып жибергем. Ажырашканыма 3 жыл болду, бирок кутула алган жокмун. Ар сотко жүгүрүп жүрөм», - деди Зайырбек Асоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×