Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуКара-Суу району 26.12.2019 17:13

Кара-Сууда акимдин балаты майрамына мектеп-интернаттын тарбиялануучулары катышты. Сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун акиминин жаңы жылдык балаты майрамында 270 балага белек берилди. Ошондой эле мектеп-интернатка эки сыналгы тапшырылды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Аким Тилек Матраимов катышкан балаты майрамына райондогу Дадан Султанов мектеп-интернатында тарбияланган 270 бала чакырылган. Майрамдык иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов да катышты. 270 баланын ичинен 100 балага кошумча 1,5 миң сомдон акча берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×