Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 28.12.2019 17:00

Видео — Чоң-Алай районунда тоо текелердин саны өстү

Turmush -  Быйыл Чоң-Алай районунун тоолорунда тоо текелердин саны өстү. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин аңчы адиси Алидин Мамажусупов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарга Чоң-Алай районундагы тоодо жоон топ тоо текелердин чуркап бара жаткан видеосу жарыяланган.

Алидин Мамажусупов райондо бир жылдары тоо текенин саны кескин түрдө азайып кеткенин айтты.

«Тоо текелерди атууга тыюу салынган. Аны аткан адамга 100 миң сом айып пул салынат. Бирок бир жылда 5 тоо теке атууга уруксат берилген. Ал үчүн ар бир атылган тоо текеге 10 миң сом төлөш керек. Ар жылы күз айларында тоо текелердин болжолдуу санын алып турабыз. Быйыл да санак жүргүзүлгөн, азырынча айыл өкмөттөрдөн маалымат топтоло элек», - деди Алидин Мамажусупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×