Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуАраван району 27.12.2019 12:12

«Сарайга алып кирип...»: Жакын жашаган мурдагы жубайлардын чыры. Жаңы жагдайлар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Орозгүл Ашымова мурдагы күйөөсү Зайыр Асоев менен ажырашканга чейин жолдошу тарабынан зомбулук болгону тууралуу ички иштер органдарына арыз менен кайрылган эмес. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылы 18-январда Асоев Зайыр Хасанбаевич «3 уул, 1 кызым бар, ажырашпайм» дегенине карабастан О.Ашымова нике күбөлүгүн жокко чыгарткан. Ошондой эле балдарына алимент төлөтүү боюнча Араван райондук сотуна арыз менен кайрылган. З.Асоев Араван райондук сотунун 18-январда чыккан жашы жете элек балдарына алимент төлөө тууралуу чечимине жана бир катар эскертүүлөргө карабастан 18-январдан сентябрь айына чейин О.Ашимовага жалпы суммасы 32 миң 270 сом алимент төлөгөн эмес.

Аталган факт боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Жоруктар жөнүндө кодексинин 77-беренесинин негизинде (Ата-эненин балдарын багуудан качуусу) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 21-сентябрда З.Асоевге карата айыптоо жөнүндө акт түзүлүп, соттук кароого жиберилген.

21-октябрда О.Ашимова саат 16:00 чамасында Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Чкалов көчөсүндө мурдагы жолдошу — Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын 1981-жылы туулган тургуну З.Асоевди тилдеп, анын токтоп турган «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасынын айнегин талкалап салган. Окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) 1-бөлүгүнүн негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. 30-октябрда О.Ашимовага карата айыптоо актысы түзүлүп, соттук кароого жиберилген.

Белгилей кетсек, О.Ашимова менен анын мурдагы күйөөсүнүн жашаган үйлөрүнүн аралыгы 30 метрди түзөт. Мурдагы жубайлар соттошуп жүргөн учурда 22-октябрь күнү алардын балдарынын бири атасы З.Асоевдин үйүндө түнөгөн. Ошол күнү О.Ашимова баласы дайынсыз экенин айтып, милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери О.Ашимовага баласы атасынын үйүндө экенин айтышкан. Ага карабастан О.Ашимова «баламды уурдап кетишти» деп 23-октябрь күнү милицияга арыз жазган. Анын негизинде Араван РИИБдин тергөө кызматы тийиштүү материалдарды топтоп, мыйзам боюнча баласы атасы менен көрүшүп турууга тыюу салынбаганы, ата-бала жолугушуп турууга укуктуу экени, бала өз ыктыяры менен атасынын үйүнө барганы такталгандан соң иш өндүрүштөн кыскартылган.

Ал эми 13-декабрда О.Ашимова Араван райондук аймактык ооруканасына жолдошу З.Асоев тарабынан сабалып, денесинен жаракат алганын айтып кайрылган. Аталган факт ошол эле күнү Араван РИИБдин маалыматтарды каттоо китебине катталып, окуя Ош шаарынын аймагында болгондуктан, топтолгон материалдар Ош ШИИБге жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

«О.Ашимова менен З.Асоевдин чыры ажырашкандан кийин чыккан. О.Ашимова З.Асоев жашаган үйдү балдарына өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ошол эле учурда З.Асоев баласы 18 жашка толгондо гана үйдү өткөрө турганын, азыр өткөрүп берсе О.Ашимова сатып жиберет деген жүйөөнү айтууда», - деп айтылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Буга чейин Араван районунун Гүлбаар айылынын 35 жаштагы тургуну Орозгүл Ашимова Turmush басылмасына күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, эки жыл мурда ажырашканын, бирок жолдошу азыркы убакка чейин көргөн жеринен аны сабай турганын айтып берген.

Ал эми О.Ашимованын мурдагы жолдошу Зайырбек Асоев аялы тапкан каражатын бир туугандарына жумшагандыктан ажырашып кетишкенин билдирген.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×