Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуКара-Суу району 27.12.2019 13:03

Кар үстүндө күч сынашкан улакчылар: Катта-Талдыкта көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караган айылдар арасында өткөрүлгөн көк бөрү мелдешинде Кара-Сөгөт айылынын командасы 1-орунду жеңди. Бул тууралуу Кара-Сөгөт айылынын көк бөрү командасынын мүчөсү Тынчтыкбек Алымжан уулу билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттө көк бөрү боюнча мелдештер байма-бай өтүп турат.

«Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн курамындагы айылдар арасында көк бөрү мелдешин улакка кызыккан жаштар демилгелеп, уюштурганбыз. Чемпионат өткөн жылдан бери өткөрүлүп келет. Жергиликтүү демөөрчүлөр жана улакчылар өздөрү акча чогултуп, ошонун эсебинен байгеге акча коюлат. Бул жолку мелдешти Пасылке айылы уюштурду. Мелдешке 12 айылдан 12 команда катышты. Алардын ичинен биздин команда 1-орунду ээлеп, 7 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болдук. 2-орунду Осмон айылынын командасы алып, 6 миң сом, 3-орунду Лангар айылынын командасы ээлеп, 5 миң сом менен сыйланышты», - деди Т.Алымжан уулу.

Мелдеш кечээ, 26-декабрда өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×