Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуАлай району 28.12.2019 09:00

Алайда мергенчилер 4 карышкыр атып, бири качып кетти

Волк
Волк

Turmush -  Алай районунда 5 күндө 3 карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Алай районундагы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, 25-декабрь күнү Үч-Төбө айылында жергиликтүү мергенчилер 2 карышкыр атып, анын бирөө кар көчкү түшүү коркунучу бар жол менен качып кеткен. Учурда мергенчилер издеп жатышат.

«5 күн мурун Кара-Кулжа менен Жошолу айыл өкмөтүнүн мергенчилери да малга кол салган 2 карышкырды атышкан», - деди А.Айдаров.

Ал кыш мезгили келгендиктен карышкырлар айыл аралап, короодогу малдарга кол салып жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×