Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуАлай району 27.12.2019 15:51

Алайлык классташтар 100 метрлик асма көпүрөнү оңдоп, аз камсыз болгон айылдаштарына жардам беришти

Turmush -  Алай районунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн асма көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу, райондун имамы Тилдебай ажы Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышты. Алар асма көпүрөнү оңдогон 1984-жылы туулган классташтарга ыраазычылык билдиришти.

Айыл аксакалы Мырза Бакасов асма көпүрөнү оңдоо тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн элдик жыйынында канча ирет айтылса да, каражаттын тартыштыгынан маселе чечилбей келгенин, жаштар демилге көтөрүп, өздөрүнүн күчү менен көпүрөнү калыбына келтиришкенин белгилеп, батасын берди.

Демилгелүү топ көпүрөнү оңдоп гана тим болбостон, аны жарыктандырышып, көпүрөдөн түндө өтүүгө шарт түзүлдү. Иш-чарада көпүрөнү куруп, бирок көзү өтүп кеткен адамдарга багышталып куран окулду.

Ошондой эле Гүлчө айыл өкмөтүнүн 1984-жылы туулган жашоочулары 40тан ашуун турмуш-шарты оор үй-бүлөгө, жалгыз бой ата-энеге, майып адамдарга 15 тонна көмүр жана жыгач отунун таратышты. Айыл өкмөттөгү бир үй-бүлөгө саан уй беришти.

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районунун Гүлчө айылындагы асма көпүрө 1993-жылы курулуп, бирок көпүрө убакыт өткөн сайын эскирип, адамдардын өтүүсүнө кооптуу абал жаралганын жазган.

Көпүрөнү курган маркум Кыдырбай Мөнөкбаев бир нече жолу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Бирок ал жетишсиз болуп, айылдагы 1984-жылы туулган жигиттердин тобу оңдоп-түзөө иштерин колго алган.

Асма көпүрө Жылуу-Суу айылы менен Гүлчө айылын байланыштырат. Көпүрөнүн узундугу 100 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×