Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуНоокат району 27.12.2019 16:19

Ноокатта 6 айда курулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имараты ачылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрь күнү Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Коргон айылында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн курулган имараттын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Мирсеит Тойчиев билдирди.

Анын айтымында, имаратта айыл башчысынын, аксакалдар сотунун, жаштар комитетинин, кеңселери жана китепкана жайгашкан.

«Буга чейин китепкана бала бакчанын бир бурчунда жайгашса, башкалары имараты жок жүрүшкөн. Имарат 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында эл аралык уюм тарабынан 340 миң сом, айыл өкмөттүн бюджетинен 420 миң сом, демөөрчүлөрдөн 270 миң сом топтолуп, курулду. Курулуш иштери июль айында башталып, 6 айдын ичинде бүткөрүлдү», - дейт Мирсеит Тойчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×