Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуКара-Суу району 27.12.2019 16:56 На русском

Ошто атылып өлтүрүлгөн С.Бакыев акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин башчысы, маркум Сапарбек Бакыев жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, маркум бүгүн, 27-декабрь күнү Озгур айылында акыркы сапарга узатылды.

Буга чейин 25-декабрда саат 20:20 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматы тарабынан Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Кулматов көчөсүндөгү 1984-жылы туулган С.Б. аттуу тургундун жансыз денеси алынып келгени кабарланган.

Анын денесин сырттан кароо учурунда башынын аркасында жана мурун тарабында белгисиз ок атуучу куралдан чыгарылган октун изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун үй-жайын кароо учурунда сарайында уюган кандын жана 4 метр алыстан белгисиз октун гильзасы табылган. Учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×