Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусуАлай району 30.12.2019 13:49

Видео — Алайдагы жарыктандыруу жана жасалгалоо иштери башка райондорго үлгү болду

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда 14 айыл өкмөт бар. Ушул жылы ар бир айыл өкмөттүн аймагындагы көчөлөр толугу менен жарыктандырылды. Бул тууралуу Алай районунун акими Замир Молдокулов билдирди.

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Жаңы жыл майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында райондогу бардык социалдык объекттер, мекеме-ишканалардын имараттары жасалгаланган. Райондогу жарыктандыруу жана жаңы жылдык жасалгалоо иштерине Ош облусунун бардык райондорунан келген акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, айрым айыл өкмөт башчылар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери күбө болушту.

«Коноктор автобус менен районду кыдырып, ар бир мекеменин жаңы жылдык жасалгалоо иштерине жогорку баа беришти. Ошондой эле алар көчөлөргө жана айыл өкмөттөрдүн кире беришине орнотулган стелалар менен таанышты.

Коноктор Алай району тоолуу аймак болсо да, убакыт өткөн сайын айылдардын инфраструктурасы жакшырып бара жатканын белгилешти. Алар №5 жана №2 бала бакчада, Алай аймактык ооруканасында жана маданият тармагында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында жасалган иштерине күбө болушту. Иш-чара тажрыйба алмашуу максатында көчмө жыйын менен аяктады», - деп айтылат райадминистрациянын маалыматында.

Ал эми аким З.Молдокулов 2019-жылы райондо көптөгөн иштер аткарылганын билдирди.

«Жыл башынан бери 22ден ашык социалдык объект пайдаланууга берилип, бир топ объектилер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Каналдар оңдолуп, айрым жерлерине лотоктор орнотулду. Айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы айрым долбоорлор тургундардын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болду. Райондогу айыл өкмөттөрдө жолдорго асфальт төшөө, өнөктөштөр менен бирге калкты таза суу менен камсыз кылуу аракеттери жүргүзүлүп, спорт залдар ачылды», - деди аким З.Молдокулов.

Анын айтымында, алгачкы ирет элет жеринде электрондук китепкана пайдаланууга берилди.

«Жарыктандыруу иш-аракеттери жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алууга өбөлгө болорун баса белгилегим келет.

Тургундардын жашоо-шарты жакшырып, айыл менен шаар турмушунун айырмасы жоюлуп бара жатат. Анткени районубуздун айрым айылдары ысык жана муздак суу менен камсыздалып, шаардагыдай заманбап шарттар түзүлгөн. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда иш кагаздарды жүргүзүү электрондук системага өткөрүлгөн.

Кирип келген жаңы жылда жакшы иштерди улантып, бүткөрүү милдеттери турат. Аткарылган иштерде райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын аракетин жана демөөрчүлөрдүн колдоосун да баса белгилеп өткүм келет.

Облустун райондорунан келген өкүлдөр жарыктандыруу жана жаңы жылга карата даярдык иштерине эң мыкты деген бааларын беришкенине ыраазычылык билдиребиз», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×