Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуАлай району 30.12.2019 16:07

«Үстүндөгү кийимдери менен гана келишкен»: Алайдагы памирлик кыргыздарга 400 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Чоң жана Кичи Памирден (Ооганстан) Алай районуна көчүп келген 11 үй-бүлөгө 400 миң сомдук жардам берилди. Бул тууралуу Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев билдирди.

Анын айтымында, көчүп келген памирлик кыргыздар кийим-кечеги менен гана келишкен.

«Биз Памирден көчүп келген боордошторубузга үй тиричилигине керектүү болгон буюмдарды, төшөк-жууркандарды, казан-аяк, килем, палас, жуунуучу каражаттарды, азык-түлүктөрдү алып бердик. Ошондой эле жылуу кийимдерди, бут кийим, маасы, көлөч, ич кийимдерине чейин жеткирип бердик. Памирликтер этти көп колдонушуп, көбүнчө эт-азыктарына муктаж экен. Алар Алайга бир гана үстүндөгү кийимдери менен көчүп келишиптир. Азыркы жашаган жери жылуу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мештерди орнотуп, көмүр, отун менен камсыздаптыр. Жалпы 400 миң сомдук каражат сарпталды. Ага демөөрчүлөрдөн, өзүбүздүн казынадан акча бөлүндү. Ушуну менен гана чектелбейбиз. Буюрса дагы көмөктөшөбүз», - деди Самидин кары Атабаев.

Turmush басылмасы 23-декабрда Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтүнө Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө көчүп келгенин жазган. Буга чейин Памирден Алай районуна 2 үй-бүлө көчүп келген. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү памирлик жалпы 11 үй-бүлөнү алдын ала даярдалган Х.Алимсеитов атындагы орто мектептин эски имаратына жайгаштырды. Мектептин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×