Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуАлай району 31.12.2019 14:31

Алайдагы балаты майрамында окуучуларга планшеттер тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 30-декабрда Алай районунда балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Балаты майрамына катышкан Алай районунун акими Замирбек Молдокулов балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Ошондой эле, райондогу эң мыкты окуган бир окуучуга, тактап айтканда Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сатимбаев Азаматка уюлдук телефон, 14 айыл өкмөттөгү 14 окуучунун ар бирине планшет белекке берди. Мындан тышкары 250 окуучуга таттуулар салынган баштыктар тапшырылды.

Балаты майрамында балдардын чыгармачылык борборунун ийрим катышуучуларынын концерттик программасы жана драм ийримдин катышуучуларынын «Бороондуу күндөр» сценкасы тартууланды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев, демөөрчүлөр сөз сүйлөшүп, балдарга бактылуу балалык каалашып, алар менен кошо бийлешти. Коен, мамалак, Аяз ата менен Аяз кыздын белектери да тапшырылып, алар менен кошо көңүл ачышкан окуучулардын ата-энелери уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×