Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуАлай району 03.01.2020 15:42

«Мерседес», «Лексус», 10 тай: Алайда көк бөрү менен аламан улак тартыштын байгесине 4 унаа коюлду

Turmush -  Алай районунда көк бөрү мелдешинде баш байгеге 4 унаа коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруу тобунун мүчөсү Айбек Маткеримов билдирди.

Анын айтымында, быйыл Гүлчө айыл өкмөтүндөгү 1984-жылы туулган классташтар көк бөрү жана аламан улак тартыш мелдештерин уюштуруп жатышат. Беттештер бүгүн, 3-январда башталды.

«Көк бөрү оюну жыл сайын өткөрүлүп жатат. Учурда көк бөрү мелдешинде 29 команда ат салышууда. Ага гүлчөлүк 1976-жылдан 2002-жылга чейин туулган улакчылар катышып жатат. Командалар эки тайпага бөлүнүшкөн. Чоңдор арасында, тактап айтканда 1976-жылдан 1989-жылга чейин туулгандар өзүнчө, 1990-жылдан 2002-жылга чейин туулгандар өзүнчө күч сынашат. Ал эми аламан улакка Алай районундагы бардык улакчылар катыша алышат. Көк бөрүгө 2 "Жигули" унаасы, ал эми аламан улакка "Мерседес-Бенц" жана "Лексус" унаасы коюлду», - деди А.Маткеримов.

Мелдештер 5-январда аламан улак тартыш менен жыйынтыкталат. Уюштуруучулардын бири Эрик Абдизаитовдун айтымында, унаалардан сырткары байгеге 10 тай жана тиричилик техникалары коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×