Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 03.01.2020 17:14 На русском

Кашка-Сууда үй курууга жер калбай калды. Айыл өкмөттөгү көйгөйлөр

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө үй курууга жер калбай калды. Бул тууралуу тургундарга бир жылдык отчёт берүү учурундагы коомдук угууда айтылды.

Айылдык кеңештин төрагасы Ислам Эрмаматов коомдук угуу 30-декабрда өткөнүн билдирди.

«Айыл өкмөттөгү кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу элге отчёт берилип, жашоочулар тарабынан да сунуштар айтылды. Негизи элдин көйгөйү — турак-жай курууга үлүш жердин калбай калганы болууда. Жыл сайын планга киргизебиз, бирок маселе чечилбей келет. Кашка-Суу жана Ачык-Суу айылдарынын тургундары ушул жер маселесин айтышты. Айыл өкмөттө 9 миңден ашуун адам жашайт. Жогоруда айтылган эки айылда мектеп маселеси да чечилбей жатат. Кашка-Суу айылындагы мектептин курулушу 2016-жылы башталып, 1-кабатынын дубалы тургузулган бойдон жумуштар токтоп калган. Окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат. Ачык-Суу айылындагы мектеп таптакыр жараксыз абалга келип калган», - деди Ислам Эрмаматов.

Аталган айыл өкмөттүн бюджети 2020-жылга карата 18 млн 955 миң 700 сом болуп бекитилди. И.Эрмаматовдун айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу аз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×