Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Озгон 06.01.2020 12:23

Ошто чоң энесин бычактаган жигит изделип жатат

Turmush -  Ош облусунда чоң энесине бычак сайган деп шектелген Ж.у.Э. изделип жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Э. 1997-жылы туулган. Ал ушул жылдын 12-декабрында Өзгөн шаарынын 1949-жылы туулган М.А. аттуу тургунуна (аял киши) бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. М.А. изделип жаткан жарандын чоң энеси болот.

Издөө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жарыяланган.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү малчы болуп алышы да мүмкүн.

Шектүү

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×