Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуНоокат району 06.01.2020 15:26 На русском

2 унаа, 15 тай, 10 топоз: Ноокатта аламан улак тартыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Кой жайлоосунда баш байгеге 2 унаа, 15 тай, 10 топоз, 20 кой, 20 килем жана акчалай сыйлыктар коюлган аламан улак тартыш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

2-январь күнү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кара-Кой жайлоосунда жергиликтүү тургун неберелерине бата алуу үчүн чоң байге коюлган улак тартыш оюнун өткөрдү. Анын максаты — жаштар арасындагы ыктымакты чыңдоо, райондор аралык достукту бекемдөө, мыкты чабандестерди тандоо. Мелдешке Ош, Жалал-Абад облустарынан барган миңге жакын улакчылар катышкан.

2 унааны Кыргыз-Ата айылынын тургундары Жамшитбек уулу Тариэл жана Төлөнбай уулу Жармамат алып, ал эми тайлардын төртөөсүн Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Маткасым уулу Кудайберди ээледи. Топоздордун мамалагын жана башка тайларды Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн улакчылары алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×