Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуАраван району 06.01.2020 15:40 На русском

Араванда 15 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөн

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Араван районунда 15 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталган. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда зордукталган кыздын апасы 4 жыл мурун каза болгон. Атасы кызын 1 жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн. Кылмыш декабрь айынын башында белгилүү болду. Өспүрүм кыз учурда психологдордон жардам алууда. Ал кесиптик лицейлердин биринде окучу. Бирок декабрь айынан тартып сабакка барбай калган.

Айыл өкмөттүн социалдык кызматкеринин айтымында, өспүрүм кыз чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары, өз атасы менен чогуу жашачу.

Ош ОИИБ билдиргендей, аталган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Тергөө иштерин Араван РИИБдин жана Араван райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды.

Араван райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, кылмыш иш 31-декабрь күнү Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн. Шектүү кызын зордуктаганын мойнуна алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×