Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуНоокат району 06.01.2020 16:26

Жыл сайын малын жоготкон көк-белдиктердин кайгысы. Жайыттагы малды ким уурдайт?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Бел айылынын жайлоосунан жыл сайын жашоочулардын малы уурдалат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Өздөрүнүн айтымында, милиция, сот, прокуратура, президентке чейин арызданып, кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Тургундардын арасынан бирөө 16 баш малын жоготсо, кээ бирлери 1-2 баш малын жоготкон. Жергиликтүү тургун Болот Токторбаев 3 жылда жалпы 11 баш малын уурдатканын билдирди.

«Жаз айынан баштап малды айылдан алыс эмес Ак-Булак конушуна жайытка чыгарабыз. Бир жумада 1-2 жолу жайытка барып, малдарды карап турабыз. Жыл сайын мал уурдатып, кимден күмөн санашты деле билбейбиз. 2018-жылы бирөөнүн малы Базар-Коргондун мал базарынан табылып, шектүү кармалып, бирок кайра бошотулуптур», - деди Б.Токторбаев.

Ал эми жергиликтүү тургун Лутфилла Ажимаматов өткөн жылы жазында 5 баш малын жоготкон. Ал уурулук фактысы боюнча бир нече жолу арыз жазганын айтты.

«Айылдагы мал жоготкон 30-40 адам биригип, арыз жазганбыз. 1-2 баш малын жоготкондор арыз жазбай коюшту. Жыйынтык жок болсо, милицияга арыздана берип чарчайт экенбиз дешти. Уурулук жайыттагы жол оңдолуп, "Портер" унаасы көбөйгөндөн кийин башталды. Кичи-Алай аркылуу көмүр ташыгандар Сырт жайлоосунун четинен өтүп, жол оңдолуп калган. Андыктан мал уурдаганга ыңгайлуу шарт түзүлүп, уурулар малды жолдун боюнан эле жүктөп кетишет», - деди Л.Ажимаматов.

Малын уурдаткан Жаныбек Маматов да милицияга кайрылганда алар короодон уурдалган гана малга жооп беришерин, жайыттагы малды ээлери өздөрү карашарын айтышканын кошумчалады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев аталган жайытта уурулук фактылары 2014-жылдан бери катталып келерин айтты.

«Көк-Бел айыл өкмөтүнүн тургундары өздөрү милицияга кайрылбайт. Былтыр бирдиктүү алдын алуу күнүндө 45 мал жоголгонун каттаганбыз. Алар коллективдик түрдө 85 мал жоголду деп арыз менен кайрылышкан. Ууруларды кармоо боюнча издөө иштери жүрүп жатат. 2019-жылы мал уурулук боюнча кылмыштуу 3 топ кармалган», - деди Жеңиш Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×