Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуНоокат району 07.01.2020 15:02

«Бешке бешти кошсо 10 болот»: Тойдо макалдарды оюнан чыгарып айткан Байгазынын видеосу

Turmush -  Социалдык тармактарга тойлордун биринде 9 жаштагы баланын макалдарды оюнан чыгарып айткан видеосу тарады. Аймактык кабарчы видеодогу баланын таятасы менен байланышкан.

Видеодогу 9 жаштагы бала — Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Нургазы уулу Байгазы. Таятасы Эсен Орозбаев небереси тапкыч экенин айтты.

«Неберем 11 айлык кезинде ата-энеси Орусияга иштегени кетип, баланы бизге ташташкан. Учурда 2-класста окуйт. Ал күнү (видео тартылган күнү) кошунабыз сүннөт тойго чакырып барып калганбыз. Карасам эле неберем макал айтышып жатыптыр. Кыздардан жеңилгиси келбедиби же оюнчукту алгысы келгенби, айтор оюнан чыгарып эле макалдарды айтып калды. Аны билгенде макал үйрөтүп коймок экенмин. Неберем өзү жоош, бирок табышмактарга кызыгат. Тапкычтыгы ошондон болсо керек», - деди Эсен Орозбаев.

Кыргызстандагы кызыктуу видеолорду Aimak Akipress ютуб каналынан көрүңүз

Байгазы Нургазы уулу видеону классташтары «сен интернетке чыгып кетиптирсиң» дегенден кийин гана көргөн. Ал чоңойгондо президент болгусу келерин айтып, макал айтышуу оюнунда кыздардан жеңилгиси келбегенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×