Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусу, Ош 08.01.2020 08:16 На русском

Видео — Ошто алгачкы ирет жол тандабастардын жарышы өттү

Turmush -  4-январь күнү Ош шаарынын Төлөйкөн айылында алгачкы жолу жол тандабас унаалардын жарышы өттү. Мелдешке шаар тургундары, темир тулпарлардын ээлери катышып, иш-чарага жалпысынан жарышка катышкан 26 унаанын ээси жана миңден ашуун көрүүчү күбө болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Болот Мамытов билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулар мелдешти бир жылда 4 жолу өткөрүүнү пландап жатышат.

«Жол тандабастардын мелдеши Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарында өтүп келген. Мелдешке автоунаа сүйүүчүлөрүнүн суроо-талабы көп болууда. Мелдеш Ошто биринчи жолу өткөрүлгөндүктөн көпчүлүгү кабары жок калыптыр. Буюрса апрель айында дагы уюштуралы деп жатабыз. Иш-чарага Тажикстандын Мургаб облусунан эки жол тандабас, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келишти. 1-орунду алгандар 10 миң сом акчалай сыйлык жана кубокторду алышты», - деди Болот Мамытов.

Мелдеш 2 категорияда өттү. Алгач жолдор жеңил болуп, ага жөнөкөй жол тандабастар катышкан. Экинчи бөлүктөгү «спорт» категориясында атайын даярдалган жол тандабастар баткак, суу, таш, дөңсөө, атайын техниканын жардамы менен жасалган чуңкурчалардан жарышканын мелдешке катышкан Максатбек Адылбеков айтып берди.

«Мелдеш биз ойлогондон да кызыктуу өттү. Тазалык, техникалык коопсуздук жана медициналык көзөмөл болду. Катышуучуларга жана уюштуруучуларга тамак-аш берилди. Мелдеш учурунда көрүүчүлөр катышуучуларга дем берип жатты. Демек мелдеш элдин баарына эле жакты. Буюрса жаз, жай, күз, кыш мезгилинде, жылына 4 жолу уюштурулат. Мелдеш учурундагы сезимдер башкача. Сырттан оңой көрүнгөнү менен кызыктын баары унаанын ичинде болуп жатты. Ошол учурдагы сезимдеримди сөз менен жеткире албайм», - деди Максатбек Адылбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×