Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуКара-Суу району 08.01.2020 10:01

Кожокелеңдик мергенчилер 16 бөлтүрүктү тирүүлөй кармап алышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Кожокелең айылында жергиликтүү мергенчилер 2019-жылы 16-17 бөлтүрүктү тирүүлөй кармашкан. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Нурмамат Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, Кожокелең айылы тоолуу болгондуктан кышында элдин малына карышкырлар көп кол салышат.

«Жергиликтүү тургундардын жалпы 500дөй топозу талаада жүрөт. Карышкырлар өткөн жылы 20-30дай топозду жеп кетишти. Жергиликтүү мергенчилер атып жатышат. Бирок көпчүлүк убакта алардын жолу болбой жатат. Карышкырларды талаада карап жатыш керек экен. Өткөн жылы 16-17 бөлтүрүктү тирүүлөй ийининен кармашыптыр. Бөлтүрүктөргө келе жаткан карышкырды атышканда ок чала тийип калып, карышкыр качып кетиптир. Анан бөлтүрүктөрдү айыл өкмөткө же департаментке тапшырышты окшойт. 1 жума мурун эле бирөөнүн короосуна түндө карышкыр кирип, 2 коюн жеп кетиптир. Карышкырлар 5дагы -6 жылкыга кол салды», - деди Н.Үсөнов.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшев жырткычтарды жок кылууга айыл өкмөттүн бюджетинен акча каралганын, анын эсебинен мергенчилерге акы төлөнүп, ок-дары алынып берилерин кошумчалады.

«Айыл өкмөттөн карышкырларды атуу үчүн 70 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле жолбун иттерди атуу үчүн 40 миң сом жумшалган. Айыл өкмөттө Ата-Мерек деген кыштоо бар. Ошол жактан мергенчилер 4 карышкыр, 5 чөө, 3 түлкү атышты. Негизи ар бир айылга жырткычтар үчүн деп акча бөлүнгөн», - деди К.Мияшев.

Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылында жалпы 300 түтүн, тактап айтканда 2050 адам жашайт. Папан айыл өкмөтүнүн курамында 13 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×