Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуНоокат району 08.01.2020 10:32 Жаңыланды: 08.01.2020 12:01

Ноокатта көмүр кенин иштетүүгө каршы болуп жатышат. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 7-январь күнү Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Жатан айылынын тургундары айылдагы көмүр кенин иштетүүгө нааразы болуп чыгышты. Алар инвесторлордун кетишин талап кылышты. Бул маалыматты айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Канатбек Саланов тастыктады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көмүр кенин иштетүү айылдагы жайыттын кыртышын бузат.

«Көмүр кенин казууга 2016-жылы “Жар-Коргон” ЖЧКсы лицензия алган. Алар көп чыгаша жумшап, бирок көмүр каза албай калышты. Ошол себептен казуу иштери токтоп калган. Быйыл инвестор таап келишиптир. Эл казылган топурактар менен жолду тососуңар деп нааразы болуп жатышат», - деди айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Канатбек Саланов.

Айылдык кеңештин депутаты Үсөн Калмуратов айыл өкмөттүн бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

«Элдер бизге айтпай жерди сатып жибериптирсиңер, көмүр кенин казууга уруксат берип коюптурсуңар деп айыптап жатышат. Бирок биздин эч кандай маалыматыбыз болгон эмес. Буга чейин аларга (инвесторлорго) айтылып жаткан көмүр кенинен 1,5 километр алыс жайгашкан көмүр кенин иштетүүгө айыл өкмөт тарабынан уруксат берилген. Бирок Мамэкотехинспекция ал жерде жарака бар деп уруксат бербей, жумуштар токтоп калган. Азыркы көмүр кенин казууга ким уруксат бергенин билбейбиз. Мурда да келип, сыноо жүргүзүп кетишкен. СССР убагында жер астынан кирип, көмүр казышып, ал жерде дээрлик көмүр деле калган эмес. Шахтанын айланасы жайыт. Ал жерде 10-15тей жарака кетип, жер кыйла чөгүп калган. Бүгүн айыл өкмөт башчысы ызы-чуу чыккан жерге барып, инвесторлор кат түрүндө да кайрылышпаганын айтты. Инвесторлорго "кеткиле, болбосо мен силер үчүн жооп бере албайм" деди. Инвесторлор 5-6 контейнер орнотуп алышыптыр», - деди Үсөн Калмаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×