Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуНоокат району 08.01.2020 13:15 На русском

Видео — «Лексустан» пара алып чыккан депутаттын кармалышы. Жаңы жагдайлар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы айыпталуучулар — Орозбактын (аты өзгөртүлдү, О.С.) жана Икрамдын (аты өзгөртүлдү, И.К.) кылмыш ишин карады. Айыпталуучулар Жогорку сотко кассациялык даттануу келтиришип, Ноокат райондук сотунун 2019-жылы 2-апрель күнү жана Ош облустук сотунун 2019-жылы 22-августта чыгарган чечимдерин жокко чыгарып, аларды актап берүүнү суранышкан. Ал эми жабырлануучу Каныбек (аты өзгөртүлдү, М.у.К.) биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор материалдарды толук изилдебей, айыпталуучулардын пайдасына бир тараптуу чечим чыгарышканын айтып, Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарып, райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, айыпталуучуларга мыйзам чегинде жаза берүүнү суранган.

- Айыпталуучу Орозбак Ноокат районунун 1970-жылы туулган тургуну. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Дыйкан чарбанын жетекчиси. Буга чейин соттолгон эмес. Ноокат районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл өкмөттүн жер комиссиясынын мүчөсү. Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 225-беренесинин (Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) 1-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, 25 миң сом айып салынган.

- Айыпталуучу Икрам Баткен облусунун 1972-жылы туулган тургуну. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Ноокат районундагы айыл өкмөттүн жер жана агрардык реформа боюнча башкы адиси. Мурда соттолгон эмес. Кылмыш-жаза кодексинин 30-225-беренесинин (Кылмышка шериктеш болуу, Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) 1-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Андан сырткары буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттары жана 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде айыпталып, сот тарабынан акталган.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Орозбак менен Икрам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, алдын ала макулдашып, Ноокат районунун тургуну Каныбекке (аты өзгөртүлдү, М.у.К.) трансформация болгон 15 гектар жерден турак жай куруу үчүн О,7 гектар жер бөлүп берүүнү убадалашкан. Алар маселени айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясына коюп, протокол кабыл алынгандан кийин айыл өкмөттүн токтомун алып беребиз деп, акысына Каныбектен 50 миң сом талап кылышкан. Алар 2018-жылы 17-августта айыл өкмөттүн имаратынын жанында Каныбектин «Лексус» үлгүсүндөгү унаасынын ичинде сүйлөшүп отуруп, 50 миң сом алышкан. Аны Орозбак шымынын оң чөнтөгүнө салып, Каныбек менен коштошуп кетишкенден кийин Икрамдын кабинетинен кармалышкан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган ведомствонун Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жер тилкеси үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Ал эми Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункулов акча сунуштаган адам жайыт жерге мыйзамсыз үй куруп алганын айткан.

«Комиссия текшерип, үйдү бузууга чечим чыгарган. Бирок ал адам ортого киши салып, акчасын жер адистин үйүнө чейин барып бере албай жүргөн. Айылдык кеңештин депутаты акча сунуштаган кишинин кудасы болгондуктан ортомчулук кылып, акчаны жер адисине алып барып бермей болот. Депутат 50 миң сом акчаны алып, жер адисине кирип кеткен соң каржы полициясына кабарлап койгон. Жер адиси акчаны албай, депутат акчаны кайра алып чыгып бара жатканда кармалып калган», - деген К.Турсункулов.

Сот отурумунда Каныбек Орозбакка жана Икрамга мыйзамсыз курулган короо-сарайын буздурбай алып калуу үчүн жардам сурап кайрылганы белгилүү болду. Орозбак жана Икрам анын жерине документ жасатып, жер тилкесин мыйзамдаштырып берүүгө макул болушкан жана акысына 50 миң сом алышмак.

Буга чейин жабырланууучу Каныбек Turmush басылмасына окуянын чоо-жайын айтып берген.

«2013-жылы мага жер адиси 80 сотых жерди ижарага берип, иштете бер, келишим түзүп берем деген. 2014-жылы мал сарай куруп баштаганда ал жер трансформацияланып, тургундарга бериле баштаган. Мен кайра жер адисине барып, мага дагы жер тилке бериңиз деп кайрылсам, 50 миң сом талап кылды. Кийинчерээк айылдык кеңештин депутаты С.О. 80 миң сом сурады, бирок ага 50 миң сом гана бердим. Бирок жер ала турганыма ишенбей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка арыз жазгам. Алар 2018-жылдын август айында жергиликтүү кеңештин депутатын, жер адисин акча алып жаткан жеринен кармашып, кылмыш иши козголгон. Алар соттолуп, экөө тең үй камагына чыгарылган. Экөө тең иштеп жатышат», - деген Каныбек.

29-мартта Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн айрым тургундары Ноокат райондук сотунун алдына чогулушкан. Ал жакта Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн пара менен кармалган жергиликтүү кеңешинин депутатынын жана жер адисинин кылмыш иши каралып жаткан. Чогулган тургундар сот ишинин созулуп жатканына нааразы экенин билдиришкен.

Буга чейин Ноокат райондук соту тарабынан Орозбак Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, ага 25 миң сом айып салынган. Ал эми Икрам Кылмыш-жаза кодексинин 30-225-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом айыпка жыгылган.

Ош облустук соту 2019-жылы 22-августта райондук соттун чечимин өзгөртүп, Орозбак жана Икрамды күнөлүү деп таап, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза белгилеген эмес.

Жыйынтыгында Жогорку сот Ош облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Айыпталуучу Орозбак жана Икрамдын жана жабырлануучу Каныбектин кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды. Өкүм кайра даттанууга жатпайт.

Соттун өкүмү 10-декабрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

18.09.2018Ноокаттагы жер чыры. Нааразы болгон жашоочуларга айыл өкмөт башчынын жообу
29.03.201950 миң сом пара менен кармалган депутат: Жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышты (сүрөт)
23.09.201950 миң сом пара менен кармалган депутаттын жубайы менен уулу айылдашын сабады. Видео
20.08.2018Ноокаттагы айыл өкмөттүн башчысы жер адиси пара алып жатканда кармалганын четке кагууда
24.08.2018Видео — Депутат куда ортомчу болгон: Ноокатта жемкор жер адис менен депутат кармалды
18.09.2018Ноокатта пара менен кармалган жер адиси кызматтан бошотулду
11.01.2019Ноокатта пара менен кармалган жер адиси кызматтан бошотулганына карабай иштеп жатабы?
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×