Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуАлай району 08.01.2020 14:31 На русском

Сүрөт — Алайда ири байге коюлган көк бөрү жыйынтыкталды

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында 3-январда башталган көк бөрү жана аламан улак тартыш мелдештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Эрик Абдизаитов билдирди.

Анын айтымында, аламан улак тартыштын байгесине эки «Жигули», бир «Мерседес-Бенц 320» унаалары, 10 тай, тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар коюлган.

«Гүлчө айылында 3 күнгө созулган улак тартыш оюну жыйынтыкталды. Ага 30 жашка чейинкилер арасында 15 команда катышса, 30 жаштан жогору мырзалардын арасында 15 команда күч сынашты. 30 жашка чейинкилер арасында 2002-жылы туулган балдар жеңүүчү деп табылса, чоңдор арасында 1985-жылы туулган жигиттер жеңүүчү деп табылып "Жигули" унаасына ээ болушту. 2-орунду алган команда тай алса, 3-орунду ээлеген командага тиричилик буюмдары тапшырылды. Ал эми аламан улак тартышка миңден ашуун адам катышып, баш байгени жергиликтүү улакчы Эрнист Мадышев алды. Ал "Мерседес-Бенц 320" унаасын жеңди. Дагы бир улакчы Сагын Рахматов алтын курдун ээси болду», - деди Э.Абдизаитов.

Сүрөттөр Канат Шарипбековго таандык

Мындай мелдештерди айылда алгач 1976-жылы туулган классташтар баштаган. Быйыл мелдешти 1984-жылы туулган жигиттер уюштурган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×