Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуКара-Суу району 08.01.2020 15:16 На русском

Кара-Сууда мергенчилер 18 жырткычты жок кылышты

Turmush -  Кара-Суу районунда мергенчилердин 3 тобу жырткычтарды жок кылуу үчүн аңчылыкка чыгышты. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Суу району боюнча адиси Рустам Абдукеримов билдирди.

Анын айтымында, аңчылар карышкыр жана чөөлөрдү атуу үчүн аңчылыкка чыгышкан.

«Азыр карышкырлар эң көп Папан айыл өкмөтүндөгү Ата-Мерек жайлоосунда жүрүптүр. Аңчылар алардын изине түшүп, 3 карышкырды атып, 1 карышкырды жарадар кылышыптыр. Ал эми Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө 4 чөө, Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2 чөө, Төлөйкөн айыл өкмөтүндө 2 чөө, Папан айыл өкмөтүндө 5 чөө, Мады айыл өкмөтүнүн Лаглан айылында 1 карышкыр, Папан айыл өкмөтүнүн Кожокелең айылында 1 карышкыр атылды (жалпы 18) жырткыч. Алардын ичинен Төлөйкөн айыл өкмөтүндө карышкырлар 2 жылкыны, Кожокелен айылында 2 жылкыны жешкен. Азыр 5-6 адамдан турган 3 топ активдүү иштеп жатышат», - деди Р.Абдукеримов.

Өткөн жылы Кара-Суу районунда жалпы 20 карышкыр, 30-40 чөө атылган. Аңчыларга 1 атылган карышкыр үчүн 6 миң, атылган 1 чөө үчүн 2 миң сом төлөнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×