Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуАлай району 08.01.2020 16:20

Алайлыктар Памирден көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам беришти

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылындагы 1984-жылы туулган классташтар Будалык айыл өкмөтү менен биргеликте Сары-Могол айылына көчүп келген памирлик кыргыздарга жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Демилгелүү топтун мүчөсү Айбек Абдубаитов билдиргендей, көчүп келген памирлик кыргыздарга 5 даана нан бышыруучу меш, 10 даана тамак-аш жылытуучу меш, ун жана тиричилик техникаларын тапшырышкан.

23-декабрда Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтүнө Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө көчүп келген. Аларды Алай жана коңшулаш Чоң-Алай районунун эли тосуп алган. Буга чейин Памирден Алай районуна 2 үй-бүлө көчүп келген болчу. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү памирлик жалпы 11 үй-бүлөнү алдын ала даярдалган Х.Алимсеитов атындагы орто мектептин эски имаратына жайгаштырды. Мектептин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×