Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 08.01.2020 17:44 На русском

Чоң-Алайда 8 айлык баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды операциясыз алып чыгышты. Сүрөт

Turmush -  2-январь күнү Чоң-Алай районунда 8 айлык баланын кызыл өңгөчүнөн 3 сомдук тыйын операциясыз алынды. Бул тууралуу дарыгердик практика борборунун башчысынын орун басары Арстанбек Карыбеков билдирди.

Анын айтымында, бала ооруканага Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Мык айылынан 2-январь күнү кечки саат 20:50 чамасында келип түшкөн.

«Кара-Мык айылынын Азамат аттуу тургуну 8 айлык баласын Чоң-Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна алып келген. Баланын кызыл өңгөчүнө тыйын тыгылып калган. Баланы рентгенден текшерип, наркоздун жардамы менен 3 сомдук тыйынды алдык. Учурда баланын абалы жакшы», - деди Арстанбек Карыбеков.

8 айлык баланын атасы Чынберди Сүйүнбай уулунун айтымында, уулу чөнтөктөн түшүп калган тыйынды жутуп алган. Аны эч ким көргөн эмес. Баланын тамагына тыйын туруп калганын билгенден кийин 2 саатта Дароот-Коргондон Чоң-Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна жетип, дарыгерлерге кайрылышкан. Дарыгерлер 1,5 сатта тыйынды алып чыгышты. Ошол түнү бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эртеси үйүнө чыгарылган.

8 айлык М.Ч. 2019-жылы апрель айында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Мык айылында туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×