Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 12.01.2020 13:40

Сүрөт — Тажикстан менен чектешкен Кара-Мык айылы

Turmush -  Жекенди айыл өкмөтүнүн административдик борбору болгон Кара-Мык айылы Чоң-Алай районунун батыш тарабында жайгашкан.

Айыл башчысы Абдилла Жакыповдун айтымында, чыгыш тарабынан Жекенди айыл өкмөтү, батышынан Кара-Тейит айылы, түндүгүнөн Кадамжай району, түштүгүнөн Тажикстандын Жерге-Тал айылы менен чектешет. Айылда 660 түтүн, жалпы 3 миң 180 адам жашайт. Айылда таза суу маселеси жок, бирок сугат суу көйгөй жаратат. Ар бир жашоочу үйүнө таза суу киргизген. Айылда орто мектеп, бала бакча, оорукана, спорт зал жана маданият үйү бар.

Turmush басылмасы Жекенди айыл өкмөтүндө кыш 4-4,5 айга созуларын жазган. Калктын басымдуу бөлүгү мал чарба, дыйканчылык менен алектенишет. Ар бир үй-бүлө жыл сайын картошка эгет.

карамык

карамык2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×