Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуӨзгөн району 12.01.2020 10:34

Айыл турмушу: Жогорку окуу жайдагы жумушун таштап, жүндөн куурчак жасап саткан Насыйкат Ысмайылова (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 29 жаштагы тургуну Насыйкат Ысмайылова 3 жылдан бери балдарга койдун жүнүнөн жасалган куурчактарды жасап сатып киреше табууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, буга чейин Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде дизайн тармагы боюнча сабак берип келген. Соңку 3 жылдын ичинде Ош шаарында кичи дүкөн ачып, койдун жүнүнөн жасалган түрдүү жаныбарлардын, мультфильмдеги каармандардын куурчактарын жасап сатат.

«Бул ишти баштаганыма 3 жыл болду. Алгач кийим тигип сатсак, бир жарым жылдан бери кийизден жасалган буюмдарды жана койдун жүнүнөн жасалган куурчактарды жасап сата баштадык. Негизги максатыбыз — жаш балдар өзүбүздүн өлкөдө өндүрүлгөн зыянсыз, табигый таза, пайдалуу оюнчуктар менен ойносо дейбиз. Учурда кичи дүкөндү кеңейтип, чебер айымдарды топтоп, аларды жумуш менен камсыздап жатабыз. Чебер айымдарды 2-3 ай окутуп, андан кийин жөндөмдүүлөрүн алып калабыз. Биз кездемени алып келип беребиз, алар кааласа дүкөндөн же убактысына карап үйүнөн иштесе болот. Бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Өзүм иштеп жүрүп шакирттеримди өстүрсөм деген кыялыма жеттим. Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад облусундагы чебер айымдар менен сүйлөшүп, алар жасаган куурчактарды жана кийиз, таарларды чет мамлекеттерге же Кыргызстанга келген туристтерге сатууга шарт түзүп, биргеликте иштешип жатабыз. Туристтер жүндөн жасалган кийимге же оюнчуктарга кызыгышат экен. Буйруса 1-2 жылдын ичинде 200дөй айымды жумуш менен камсыз кылууну пландап жатам», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×