Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуНоокат району 10.01.2020 10:31

Ноокатта «КамАЗ» оодарылып кетип, айдоочу жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат—Көк-Бел унаа жолунун 15-чакырымындагы Котормо айылында «КамАЗ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 10-январда билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жаракат алган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×