Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуКара-Суу району 10.01.2020 14:55

Кара-Сууда ФАП иштебей, кызыл-ордолуктарга жардам берчү медициналык кызматкер жок болууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылында медициналык кызматкерлердин жоктугунан ФАП иштебей, жергиликтүү тургундар 15-30 чакырым алыстагы оорукана, ФАПтарга барууга аргасыз. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жашоочулар билдирди.

Жергиликтүү тургундардын бири Айсалкын Абдиллаеванын айтымында, ФАПта иштеген келин декреттик өргүүгө чыккан.

«Биздин айылда калк көп. Мурун ФАПта 3 медициналык кызматкер, техникалык кызматкерлер менен бирге 6-7 адам иштечү. Жыл башынан бери эч ким иштебей, эшиктер жабык турат. Азыр сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу неберелеримди Ош шаарындагы облустук ооруканага алып бардым. Айыл элине аябай эле кыйын болду. Райондук ооруканага алып баралы десек жол алыс, 30 чакырым жол жүрөбүз. Элдин баары ооруп жаткангабы, ооруканаларда дарыланууга орун жок. Бир фельдшер бар болчу, ал 2 жыл мурун каза болуп, анын ордуна бир келин иштеп жаткан. Ал дагы декреттик өргүүгө чыгып, башка кадр жок болуп жатат», - деди А.Абдиллаева.

Ошол эле айылдын тургуну Адилбек Арапбаев неберелерин Мады айыл өкмөтүндөгү ФАПка алып барууга аргасыз болгон.

«Неберелерим ооруп, Мады айыл өкмөтүнүн Курманжан датка айылындагы ФАПка алып барып көрсөтүп келдим. Ал ФАП бизге эң жакыны. 15 чакырым алыста», - деди ал.

Кызыл-Ордо айылынын башчысы Арстан Чыйыров учурда ФАПта иштей турган адам жок экенин айтты.

«Тургундар укол сайдыра албай кыйналып калышты. Бир укол сайдыруу үчүн шаарга каттагандар да жок эмес. Бул боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисине кайрылгам. Иштей турган кадр жок, жыл башынан бери ФАП жабык турат. Пенсияга чыккан адистер иштебей жатышат», - деди А.Чыйыров.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Казыбек Тажибаевдин айтымында, айыл өкмөттө 5 ФАП, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар.

«Айыл өкмөттө 2 миң 856 түтүн бар. Жалпы 8 медициналык пунк иштеп жатат. Кызыл-Ордо айылында гана кадр маселеси чечиле элек», - деди К.Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×