Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусу, Озгон 11.01.2020 11:16 На русском

Россияда кумар ойноп карыз болгон: Өзгөндө 1 ай мурда чоң энесине бычак сайып качып кеткен жигит кармалды (сүрөт)

Turmush -  2019-жылдын 12-декабрында Өзгөн шаарында 70 жаштагы чоң энесин бычактап качып кетүүгө шектелген жигит бүгүн, 11-январда кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелген 1997-жылы туулган Ж. уулу Э. Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга (УКЖна) киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп, анын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Окуя тууралуу:

Ж. уулу Э. 2019-жылдын 12-декабрында саат 10:00 чамасында өз ара пикир келишпестиктен улам чон энеси М.А.ны ашканадагы бычак менен көкүрөккө сайып, белгисиз тарапка качып кеткен. Анын кесепетинен чоң энеси Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул факты боюнча жыйналган материалдар 2019-жылдын 12-декабрында КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү жигитти кармоо максатында 2019-жылдын 27-декабрында тергөө кызматы тарабынан издөө жарыяланган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Ж уулу Э. Россиядан Кыргызстанга 2019-жылдын 9-декабрь күнү келгендиги такталган. Ал Өзгөн шаарындагы үйүнө 2019-жылдын 11-декабрынан 12-декабрына караган түнү келип, туугандарына «мен азыр Россиядан келдим, жол кирем жок» деп жол акысын берүүсүн сураган. Туугандары 4000 сом жол киресин берип, айдоочуну кетиришкен. 12-декабрь күнү эртең менен саат 10:00 чамасында үйдү тинтип изденип жатканда чоң апасы кирип келип, эмне издеп жатканын сураган. Ал Россияда кумар ойноп карыз болгонун айтып, акча талап кылат. Чоң энеси өзүндө акча жоктугун, кыздарынан сураштырып берерин айткан учурда капысынан аны бычак менен сайып качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×