Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусу, Ош 13.01.2020 13:02 На русском

Ош шаарынын өнүгүшүнө шаардык кеңештин салымы чоң, - төрага Жапар Ормонов. Видео

Turmush -  2019-жылы Ош шаарында социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешинин депутаттары өткөн жылы жигердүү иштеп, бир катар демилгелерди колдоп, калктын социалдык абалы жакшырды. Аймактык кабарчы Ош шаарындагы аткарылган иштер боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын позициясы, алардын ролу, шаардагы социалдык-экономикалык, маданий иш-чараларды ишке ашырууга багытталган аракеттер тууралуу Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов менен маектешти.

- Жапар Туратович, өткөн жылы жаңы долбоорлорду ишке ашырууда шаардык кеңештин позициясы кандай болду? Депутаттар долбоорлорду кандай критерийлер менен колдоп жатышты?

- Биринчиден, кирип келген жаңы жылга карата жалпы журтту куттуктап коёюн. Өткөн 2019-жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болду десем жаңылышпайм. Эң негизгиси өлкөбүздө, шаарыбызда стабилдүүлүк болду. Ошонун негизинде бир топ ийгиликтер жаралды. Албетте шаардагы ийгиликтер, өсүп-өнүгүүлөр каржы булагынан көз каранды. Жаңы жылдын алдында эле шаардык кеңештин депутаттары шаардын бюджетин бекитип берет. Өткөн жылы Ош шаардык мэриясы сунуштаган долбоорго ылайык шаардын бюджети 1 млрд 127 млн 634 миң сом деп көрсөтүлгөн. Бул долбоорду алгач туруктуу депутаттык комиссия кеңейтилген отурумда карап, андан кийин коомдук талкууга алып чыктык. Коомдук талкуунун негизинде 2019-жылдагы бюджеттин өлчөмү 1 млрд 127 млн 634 миң сом болуп бекитилген. Ошондой эле депутаттар шаардын бюджетин 5-6 млн сомго үнөмдөөгө жетишти.

Мисал катары айта кетсем, шаарда муниципалдык сүт ишканасы бар. Ал ишкананын кирешеси 1 млн сомго жакын болсо, ишканада иштеген кызматкерлердин маянасы жана башка чыгымдары менен 2 млн сомго жакын акча болот экен. Ошондуктан ал мекеменин акчасын кыскарттык. Ушуга окшогон иштердин натыйжасында шаардын бюджети 6 млн сомго үнөмдөлдү. Өткөн жылы шаардын өнүгүү тармагына көбүрөөк көңүл бурулуп, капиталдык курулуш башкармалыгына 123 млн сом, жолдор башкармалыгына 84 млн сом бөлүп бергенбиз. Бул каражаттар негизинен жол, таза суу, медицина борборлору, бала бакча, мектеп, балдар аянтчалары, тротуарлар үчүн жумшалган. Депутаттардын демилгеси менен калаанын башкы планы соңуна чыгып, деталдуу планына акча бөлүндү. Азыр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иштөө кызуу жүрүүдө. Учурда Жапалак айылдык башкармалыгында 1 мектеп курулуп жатат. Бул дагы депутаттардын демилгеси болчу.

Эң негизги көйгөй — шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо болуп эсептелет. Жергиликтүү бюджетти үнөмдүү пайдаланууда мэриянын салымы чоң. Кулатов кичи районунда сейил бак курулду. Токтогул Сатылганов атындагы сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан сырткары бир белгилеп коюучу жагдай — шаарыбыздагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон жол тыгындары бир аз да болсо чечилди десек болот. Анткени Шакиров көчөсү кеңейтилип, толугу менен оңдоп-түзөлдү.

- Өткөн жылы калаада бир катар маанилүү иш-чаралар өттү. Алардын өткөрүлүшүнө шаардык кеңештин депутаттарынын салымы кандай?

- Өткөн жылы Ош шаары — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталды. Анын алкагында бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Калаабыз дүйнөгө таанылып, дагы бир ирет кадыр-баркы өстү десем болот. Бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 5 млн сом каралган. Аталган каражат «Ош — балдардын көз карашы менен» аттуу эл аралык сынагы, «Ала-Тоодон Кара деңизге чейин» жаштар форуму, «Ош Фест—2019» туристтик фестивалы, Түрк дүйнөсүнүн акындарынын жолугушуусу жана ушуга окшогон иш-чараларды өткөрүүгө жумшалып, шаар тургундарына жана конокторго жакшы таасир калтырды десек болот. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай — бул эл аралык иш-чараны өткөрүү үчүн шаарыбыздын архитектуралык сырткы көрүнүшү, тарыхый-маданий объектилер, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшү жаңыланып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери колго алынып, шаарыбыз иретке келтирилди.

- Ош шаары жана Ош шаардык кеңеши Кыргызстандагы башка шаарлардан кандай иштери менен айырмаланып турат деп ойлойсуз?

- Ош шаарындагы медициналык, билим берүү тармагында иштеген мамлекеттик кызматкерлерге шаардык кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттен коммуналдык төлөмдөрүн жеңилдетүү үчүн маянасына 19 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп жатат. Ошондой эле пенсионерлерге, жардамга муктаж адамдар коомдук унааларда акысыз каттоо үчүн шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына 15 млн сом бөлөбүз. Бул маселелерди чечүүдө депутаттардын салымы чоң десек жаңылышпайбыз. Депутаттардын демилгесинин негизинде шаардагы «Боорукердик» үй-интернатына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 600 миң сом бөлүп бердик. Андан сырткары №12 көмөкчү балдар интернатына да 600 миң сом бөлүндү. Спорт тармагын айта турган болсок, Кыргызстандын чемпионатында өз орду бар «Алай» футбол клубуна жылына 20 млн сомго жакын акча бөлүнөт. Ошондой эле спорт жаатына 30 млн сомдун тегерегиндеги каражат бөлүп жатабыз. Мындан сырткары мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча туруктуу депутаттык комиссия иштеп, сунуштарын берип жатышат. Ага улай эле шаарда эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Шаардык кеңеш мэриянын көлөкөсүндө калбай элеби?

- Кирип келген 2020-жыл — чоң саясий окуялардын жылы. Анткени быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Биздин дагы мөөнөт соңуна чыгып баратат. Ош шаардык мэриясы — бул аткаруу бийлиги, ал эми шаардык кеңеш — жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды чыгаруучу орган болуп саналат. Биздин милдет — элдин суроо-талабын эске алып, шаарды ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талдап, аларды аткаруу боюнча чечимдерди кабыл алып, аны аткаруу органына тапшырып, ишке ашырылышын көзөмөлдөө. Демек шаардагы иштер биз кабыл алып берген чечимдердин негизинде ишке ашат. Тилекке каршы коомчулукта депутаттар эч кандай иш кылбай жатат деген түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Биз мындай пикирди карманбашыбыз керек. Себеби шаардык кеңеш жергиликтүү мыйзам чыгаруучу орган болгондуктан, биз чыгарган чечимдер кагаз жүзүндө болуп, практика жүзүндө аны мэрия ишке ашырып, шаардык кеңештин иши коомчулукка көп көрүнө бербейт. Ошондуктан эл арасында жогорудагыдай пикирлер пайда болушу мүмкүн. Биздин аракеттерди, эмгегибизди билген, ыраазы болгон шаар тургундары да көп. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, шаарда кандай иштер аткарылып, кандай өнүгүү болсо, бул иштерде депутаттардын чоң салымы бар деп эсептейм.

- Өткөн жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Шаардык кеңеш бул жаатта кандай иштерди аткарды?

- Шаардык кеңеш санариптештирүү иштерин жүргүздү. Шаардык кенештин кабыл алган чечимдери ачык-айкын болушу үчүн сессия учурунда добуш берүү электрондук системага өттү. Иш кагаздарды жүргүзүү электрондоштурулду. Ошондой эле сессияда каралып жаткан маселелер шаардык кенештин расмий сайты аркылуу түз эфирде бериле баштады. Бир гана сессия эмес, комитеттердеги жыйындар да түз көрсөтүлдү.

- Коомчулукта депутаттарга карата сын-пикирлер көп болот. Депутат болуп жалаң капчыгы калыңдар шайланат, алар өз кызыкчылыгы үчүн иштешет деген кептер айтылат эмеспи...

- Негизи жалпы өлкө боюнча ушундай маселе бар. Бирок мен бир нерсени айтат элем. Шаардык кеңештин деңгээлинде капчыгы калыңдар шайланып, өз кызыкчылыктарын коргогон учурлар жок. Бизде бизнес чөйрөсүндөгү депутаттар ачуу маселени көтөрүшүп, шаардын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп жаткандар көп. Жеке кызыкчылыкты коргогон учурларды шаардык кеңештен көрө алган жокпуз.

- Шаардык кеңештин өткөн сессиясында мэриянын ипотекалык программасы талкууланды. Анан ипотеканын үстөк пайызы 4 пайызга төмөндөгөнү белгилүү болду.

- Бул жаатта депутаттар активдүү иштеп, бир катар жеңилдиктер берилди. Биздин чакырылыштын депутаттары шайланганда ипотеканын пайыздык көрсөткүчү Улуттук банктын эсептик ченине ылайык болчу. Баштапкы төлөмү 30 пайызды түзүп, мөөнөтү 7 жылды түзчү. Ошондой эле кызмат көрсөткөн банктардын акысы 2 пайызды түзөт деген норма бар болчу. Биздин чакырылыш өз ишин баштаганда эле ал нормадан баш тартып, кызмат көрсөткөн банктар акысыз болду. 7 жылдык мөөнөттү 12 жылга узартып, жылдык пайыздын өлчөмүн 6 пайызга, баштапкы төлөмдү 30 пайыздан 20 пайызга түшүргөнбүз. Ошондой эле соңку сессиябызда ипотеканын үстөк пайызын дагы төмөндөттүк. Тактап айтканда, 6 пайызды 4 пайызга төмөндөттүк. Албетте бул маселеде эки тараптуу талаш-тартыштар орун алды. Мындан сырткары мэриянын алдында ипотекалык үй куруу боюнча иштей турган муниципалдык ишкана бар. Ошол мекемеге дагы бир катар ыйгарым укуктарды кошуп бердик. Мурун аталган ишкана муниципалдык жерге гана үй кура алса, эми жеке өнөктөштөр менен иштешип, менчик жерлерге да үй курса болот.

- 2020-жылга карата шаарды өнүктүрүүгө багытталган кандай пландар бар?

- Биринчиден, шаардык кеңештин 2020-жылга карата иш планы бекитилди. Ошонун негизинде иш алып барабыз. Быйыл 4-чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү аяктап, апрель айында шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Бирок биз мөөнөт бүтөт деп эле отуруп калбастан, алдыдагы жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча ишти аткарууга аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле шаардын 2020-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитебиз. Ушундай маанилүү маселелерди чечип, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша элибизге кызмат кыла беребиз деген ойдомун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×