Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусу, Ош 13.01.2020 13:34

Ошто обончу, аткаруучу Рысбай Абдыкадыров эскерилди

Turmush -  Кечээ, 12-январь күнү Ош шаарында обончу, аткаруучу Рысбай Абдыкадыров эскерилип, айкелине гүл чамбар коюлду. Бул тууралуу Ош облустук Рысбай Абдыкадыров атындагы филармониянын көркөм жетекчиси Бектурсун Укомбаев билдирди.

Маркум Рысбай Абдыкадыровду эскерүү зыйнатына облустук мамлекеттик администрациянын, мэриянын өкүлдөрү, шаардагы жогорку окуу жайлардын проректорлору, чыгармачыл адамдар жана филармониянын эмгек жамааты катышты. Ошондой эле 40 мүнөткө созулган концерт уюштурулуп, Рысбай Абдыкадыровдун чыгармалары аткарылды.

Быйыл Рысбай Абдыкадыров тирүү болгондо 79 жашка чыкмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×