Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуӨзгөн району 13.01.2020 14:53 На русском

Өзгөндө чоң энесин бычактаган жигит 2 айга камакка алынды

Чоң энесин бычактаган 23 жаштагы жигит
Чоң энесин бычактаган 23 жаштагы жигит

Turmush -  Өзгөн районунда чоң энесин бычактаган 22 жаштагы Ж.уулу Э.нин баш коргоо чарасы Өзгөн райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Ж. уулу Э. 2019-жылдын 12-декабрында саат 10:00 чамасында өз ара пикир келишпестиктен улам чоң энеси М.А.ны ашканадагы бычак менен көкүрөккө сайып, белгисиз тарапка качып кеткен. Анын кесепетинен чоң энеси Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул факт боюнча жыйналган материалдар 2019-жылдын 12-декабрында КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү жигитти кармоо максатында 2019-жылдын 27-декабрында тергөө кызматы тарабынан издөө жарыяланган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Ж.Э. Россиядан Кыргызстанга 2019-жылдын 9-декабрь күнү келгени такталган. Ал Өзгөн шаарындагы үйүнө 2019-жылы 12-декабрга караган түнү келип, туугандарына «мен азыр Россиядан келдим, жол кирем жок» деп жол акысын берүүнү сураган. Туугандары 4000 сом жол киресин берип, айдоочуну кетиришкен. 12-декабрь күнү эртең менен саат 10:00 чамасында үйдү тинтип, бир нерсе издеп жатканда чоң апасы кирип, эмне издеп жатканын сураган. Ал Россияда кумар ойноп карыз болгонун айтып, акча талап кылган. Чоң энеси өзүндө акча жок экенин, кыздарынан сураштырып берерин айткан жана ошол учурда небереси капысынан аны бычак менен сайып качып кеткен.

Шектүү 11-январда кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү 1997-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×