Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ош 13.01.2020 15:20

Оштун жаш футболчулары эл аралык мелдеште 2-орунду ээлешти

Turmush -  Ош шаарынын жаш футболчулары Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду алышты. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Учкун Абдыжапар уулу билдирди.

Эл аралык мелдешке Ош шаарынын атынан 15 жаштагы футболчулар катышкан. Машыктыруучу Учкун Абдыжапар уулунун айтымында, турнирде 12 команда ат салышкан.

«Мелдешке Өзбекстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жалпы 12 команда катышты. Алар өз ара тайпаларга бөлүнүп ойношту. Биздин команда тайпадан чыгып, жарым финалда Өзбекстандын "Бек-Абад" командасын 3:1 эсебинде жеңди. Финалда Ташкенттин командасы менен беттешип, 11 метрлик сокку узатууда (пенальти) 5:3 эсебинде жеңилип калдык», - деди Учкун Абдыжапар уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×