Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусу, Ош 14.01.2020 11:48

ОшТУда волейбол мелдеши өттү

Turmush -  Ош технологиялык университетинде мырзалар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

ОшТУнун профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин, факультеттер жана бөлүмдөр арасында XIX спартакиада өткөрүлдү. Ага 8 курама команда катышты. Мелдеште академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучулары 1-орунга ээ болушса, 2-орунду табигый-техникалык факультетинин курама командасы, 3-орунду архитектура жана курулуш факультетинин курама командасы жеңди.

Мелдеш кечээ, 13-январда өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×