Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 13:10

Айыл турмушу: Бакай-аталык Ж. Дөөлөталиева кардарларды «таарынтып», үндүк багып ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 34 жаштагы тургуну Жылдыз Дөөлөталиева үндүк багып ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Атанын Ак Дөбө айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча тигүүчү.

«Кандай гана киреше алып келген иш баштабайлы тажрыйба жыйнап, бир жолго түшкөнчө түйшүгүн тартат экенбиз. Биз үндүк багып жатканыбызга 2 жыл болду. Башында өзүбүз жегенге деп 20 баш алганбыз. Эл алардын чоңдугун көрүп, саткыла деп келип, өзүбүзгө дагы калбай калган (күлүп). Кийин дагы сатып алып, көбөйтүп алдык. 200 ашык жөжө чыкты. Жөжө кезинде назик болот экен. Бир нечесин өлтүрүп алдык. 180 жөжөсүн бапестеп чоңойтуп алдык. Жаңы жылга карата короздорун сатып кетишти. Сатууга ылайыктуулардан калбай калып, таарынгандар мындан көп болуп кетти (күлүп). Булар 1300 сомдон сатылат. Эгер союп, тазалап берсем 1400 сомдон алып кетишет. Бир үндүк 4-6 кг чейин эт берет. Сатып алуучу тандап алат. Этин гриль кылып бышырабыз деп шаарга алып кеткендер арбын болду. Эти жылкынын эти менен барабар. Короого камалып багылган үндүктүн эти менен талаада жайылып багылгандын айырмасы болот. Аны байкап көрдүк. Үйдөгү баккан үндүк семиз болсо дагы даамында айырмачылык болот.

Сатып алуучулар дагы келип жатышат. Ошондуктан кийинки жылы 1000 башка көбөйтөбүз деп турабыз. Буйруса жөжөлөрү жаз айында чыкса жаңы жылга сойгонго даяр болуп калат. Жөжөлөргө жем, сууга жумуртка бышырып, иммунитетин көтөргөн витаминдерден берип турабыз.

Бул үй-бүлөлүк жумуш десем болот. Антпесе бир кишиге чоң түйшүк. Бирок сырын үйрөнүп алгандарга пайдасы чоң болот. Короздорун алмаштырып туруу керек. Биз 2500 сомдон бойлер жана чёрный принц породасындагы аргындаштырылган короз сатып келгенбиз. Мекиштер жергиликтүү породадагы үндүктөр. Алардын эти даамы менен өзгөчөлөнөт.

Жолдошумдун мээнети көп. Чоңойтуп берет, балам экөөбүз кайтарабыз. Акыркы жолу 80 миң сомдон ашык киреше көрдүк», - деди ал.

Жылдыз айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×