Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуКара-Суу району 14.01.2020 13:51 На русском

Айыл өкмөт башчынын талкуу жараткан эс алуусу. М.Сайпидинов Дубайга эмне болуп барып калганын айтып берди. Видео

Мунарбек Сайпидинов
Мунарбек Сайпидинов

Turmush -  Социалдык тармактарга Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) эс алуу учурунда тартылган видео жана сүрөттөр тараган. Айыл өкмөт башчы аймактык кабарчыга Дубай шаарында эмгек өргүүсү учурунда эс алганын билдирди.

Мунарбек Сайпидинов Дубайда унаа башкарып, кыйкырып сүйлөгөн видеосу тараган. Мындан улам колдонуучулардын арасында түрдүү пикирлер жаралды.

Россиялык Динат Гумеров өзүн миллионер, блогер, мотиватор катары тааныштырат. Анын инстаграмдагы баракчасына 1,2 млн колдонуучу катталган. Видеодо М.Сайпидинов аны менен кошо жүргөнүн көрүүгө болот.

Бирок Мунарбек Сайпидинов өзү тууралуу айтылган пикирлерге кошулбайт. Ал ушул жылдын 8-январынан тартып эмгек өргүүгө чыкканын, дем алыш күндөрү кайда, кайсы өлкөгө барып эс ала турганы анын жеке иши экенин билдирди.

«Учурда мен расмий түрдө эмгек өргүүдөмүн. Бул боюнча тиешелүү жетекчиликтин чечими бар. Эмгек өргүүгө чыга турганым боюнча арызды өткөн жылдын аягында жазгам. Досторум эс алууга Дубайга чакырды. Видеодогу мен айдап жүргөн унаа да аларга таандык. Бириккен Араб Эмираттарында досторум менен эс алуудан эч кандай кынтык көргөн жокмун. Азыр көпчүлүк кыргызстандыктар үй-бүлөсү, достору менен чет өлкөгө эс алганы барышат. Ошондой эле менин эс алуумдан эмне үчүн мындай кынтыктарды издеп жатышканын түшүнбөй турам. Биздин өлкөдө эмгек өргүүнү кайда, кантип өткөрүү ар бир жарандын өз эрки. Кимдир бирөө тоого ат мингени барат, а кимдир бирөө тоого жылгаяк тебүүгө чыгышы мүмкүн», - деди М.Сайпидинов.

Кыргызстандагы кызыктуу видеолорду Aimak Akipress ютуб каналынан көрүңүз. Каналга катталыңыз

Жактоочу жана юрист Асылбек Күңгуров айыл өкмөт башчынын мамлекеттик кызматкер катары статусу бар экенин, ошондуктан ал эмгек өргүүдө болсо да этиканы сакташы керектигин билдирди.

«Мамлекеттик кызматкердин этикасы боюнча жобо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча мыйзам бар. Мамлекеттик кызматкер эмгек өргүүгө мыйзам чегинде чыкса чет өлкөдө эс алууга болот. Бирок сөгүнүп, жат нерсе менен алектенгенге болбойт. Ал мамлекеттин атын, бир бөлүгүн тааныштырган адам болуп эсептелет. Ошондуктан мамлекеттик кызматкердин жосунсуз жоруктары этикага туура келбейт. Мамлекеттик кадр кызматы деген бар, ошолор тыкыр иликтеп, чара колдонуш керек», - деди А.Күңгуров.

32 жаштагы Мунарбек Сайпидинов айыл өкмөт башчысы болгонго чейин айылдык кеңештин депутаты болгон.

«Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болгонго чейин Кара-Суу районунун акиминин фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеп, андан кийин Савай айылдык кеңешинин депутаты болдум. 2016-жылдын март айында Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайландым. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 2 кыз жана 3 уул. Мен бир туугандарымдын арасында төртүнчүсүмүн. Өзүмдүн дагы үй-бүлөм бар. Жубайым экөөбүз 2 кызды тарбиялап жатабыз. Жумуштан бошоп калганда спорт менен алектенем. Анан калса көк бөрүгө абдан кызыгам. Кышкысын көбүнчө улак тартышка катышмай жайым бар», - деген М.Сайпидинов 2018-жылы Turmush басылмасына берген маегинде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×