Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 15:12

Айыл турмушу: С.Раева 37 жылдан бери мугалим болуп иштейт (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 60 жаштагы тургуну Сыйнагүл Раева 37 жылдан бери мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 9 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Ата-энем экөө тең математик болуп иштеген кишилер болгон. 9 бир тууган тең жогорку билим алганбыз. Анын ичинен алтообуз математикпиз. 1983-жылы Бишкек шаарындагы Улуттук университеттин математика бөлүмүн аяктагам. Ошол жылдан тарта эле Чалдыбар мектеп-интернатында иштеп келем. Учурда директордун окуу иштери боюнча орун басарымын. Башталгыч класстарга 1991-жылдан баштап сабак бере баштадым. Акыркы 7-8 жылдан бери кайрадан математика сабагынан мугалиммин.

1985-жылы Кызыл-Сай айылына келин болгом. Жолдошум Анарбек Токтобеков экөөбүздүн 3 кыз, 1 уулубуз бар. Жатак мектеп-интернатта өмүр бою иштеп келе жатам. Убактымдын көбү ушул жерде өтөт. Үй-бүлөм эч нерсеге карабай жумушумду түшүнүп, колдоп келет», - деди ал.

Буга катар мугалим өзүнүн иш тажрыйбасында эсте калган окуяларды айтып берди.

«Башталгыч класста сабак өтүп жаткан кезим. Класска жаңы окуучу келген. Интернатта "домашнийлер" ( үйүнө каттап окуган балдар), анан жатып окуган балдар болуп бөлүнөт да. "Домашнийлерден канчоо келди?" деп сурасам тура калып, «эже, мен туфличен эле келип алгам да» дейт. Катуу күлгөн элек.

Бир жолу башталгыч классты окутуп жатканыбызда класска бир көгүчкөн кирип келди. Баарыбыз ошол көгүчкөндү кубалап, кантип чыгарабыз деп шашып калдык. Ошондо кыргыз тил сабагы эле. Ошол учурда балдардын көңүлүн буруу үчүн жалаң көгүчкөн боюнча этиштин чактарын сурап, көгүчкөн жөнүндө ыр жазып, сүйлөм түзүп, көгүчкөндү бир сабакка пайдаланып калганбыз. Ушундай кызыктуу учурлар көп болот», - деди ал.

Мугалим айым 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×